Кыргыз Республикасынын «Сапаттуу билим» агенттиги тарабынан Кыргыз мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучулары үчүн «Билим берүү программаларын ички баалоо жана баяндама жазуу» темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу, ички баалоо системасын натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле аналитикалык баяндама даярдоо боюнча окутуучулардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү болду.
Семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулар:
-билим берүү программаларын ички баалоонун принциптери жана этаптары;
-сапаттык көрсөткүчтөрдү аныктоо жана далилдер менен иштөө;
-жыйынтык чыгаруу жана баяндама түзүүнүн структурасы;
-аккредитация талаптарына ылайык документация жүргүзүү маселелери боюнча кеңири маалымат алышты.
Практикалык тапшырмалар, интерактивдүү талкуулар жана тажрыйба алмашуу аркылуу окутуучулар алган билимдерин иш жүзүндө бекемдешти.
Семинар-тренинг мазмундуу, пайдалуу жана практикалык мааниге ээ болуп, окуу жайдагы билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга жана ички баалоо иштерин системалуу жүргүзүүгө өбөлгө түздү.


