ОБОН – ЭЛДИН ҮНҮ, СҮРӨТ – РУХТУН ТИЛИ

ОБОН – ЭЛДИН ҮНҮ, СҮРӨТ – РУХТУН ТИЛИ» ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КЕРЕГЕ КЕҢЕШИ ӨТКӨРҮЛДҮ

23-апрелде С. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын музей залында салттуу музыка жумалыгынын алкагында «Обон – элдин үнү, сүрөт – рухтун тили» аталышындагы илимий-практикалык кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – музыка жана сүрөт өнөрүнүн улуттук маданияттагы ордун талдоо, жаш муундардын эстетикалык табитин калыптандыруу жана руханий баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.

Кереге кеңешке Кыргыз улуттук «Манас» театры, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, ошондой эле маданият жана искусство тармагындагы мекемелердин өкүлдөрү, окутуучулар, окумуштуулар, студенттер жана тармак адистери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук мурастын заманбап искусстводогу чагылдырылышы талкууланып, искусствонун коомдогу ролу боюнча баяндамалар жасалды.
Кеңештин алкагында музыка жана сүрөт аркылуу элдин тарыхый эс тутумун сактоо, улуттук маданиятты өнүктүрүү жана чыгармачылык изденүүнү колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар теория менен практиканын айкалышы маданий мурастарды келечек муундарга жеткирүүдө маанилүү экенин белгилешти.

Ошондой эле кереге кеңештин темасы өзөгүндө терең мазмунду камтып, обон – элдин тарыхы, жүрөктүн добушу, ал эми сүрөт – рухтун көркөм чагылуусу экендиги даңазаланды. Бул эки өнөрдүн бир сахнада айкалышы өзгөчө чыгармачылык дүйнөнү жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө обондор жандуу аткарылып, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды. Ушуга байланыштуу Мураталиев Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын администрациясына жана студенттерине чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындан тышкары, кереге кеңештин алкагында мастер-класстар жана чыгармачылык конкурстар уюштурулуп, алар Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан колдоого алынды. Ошондой эле жеке ишкер, сүрөтчү-керамист С.Б. Ажиев демөөрчүлүк көрсөтүп, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө зор салым кошту. Анын колдоосу катышуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана практикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *