Урматтуу эже-агайлар, кадырлуу кесиптештер!

Сиздерди бүгүнкү Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мугалимдик — бул жөн гана билим берүү эмес, жаш муундун келечегине жол ачкан, алардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп, эстетикалык табитин калыптандырып, искусствону сүйүүгө үндөгөн ардактуу жана жооптуу кесип.
Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана чыгармачылык изденүүңүздөр ар бир шакирттин жүрөгүндө из калтырат. Сиздер тарбиялаган жаш таланттардын жетишкендиктери — сиздердин эмгегиңиздердин эң чоң сыймыгы.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, чыгармачылык дем жана түгөнгүс күч-кубат каалайбыз! Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, шакирттериңиздердин ийгиликтерине күбө болуп, алардын жеңиштерине сыймыктанып жүрө бериңиздер!

Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун!
Ардактуу кесибиңиздерге ийгилик жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз!

Урматтоо менен,
Администрация

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *