ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ААЛАМЫНА САЯКАТ
2023-жылдын 18-ноябрында С.А.Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын студенттери окуу жайыбыздын мугалимдери Тургумбаева Халида Адыловна , Байбагышов Ибрагим Жалилович менен биргеликте Чоң-Арык айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде саякатта болушту. Бул үйдө Ч.Айтматов 1986-жылдан баштап өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жашаган. Үй-музейде жазуучунун кол жазмалары, басып чыгаруу машинасы, кийимдери ( ар бир күрмөсүндө Ч.Айтматов кайда …