Сыйлыгыныздар кут болсун!

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйынтыктап, министр Алтынбек Максутов өлкө боюнча маданият тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык алгандардын арасында С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын кызматкерлери Акматов К.Б.,Турганбаев А.Т.,Тургумбаева Х.А.,Асанова К.Б. дагы бар.
Урматтуу кесиптештер, сиздер өлкөбүздүн
маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар, жаратмандык эмгегиңиздер, талантыңыздар менен элге кызмат кылып келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди. түгөнбөс эргүү каалайбыз!

 

 

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *