Ак эмгектен алган сыйлык кут болсун!

Мыктынын мыкты экендигин, өз убагында даңазалай билип, кадыр баркын көтөрүү, ар бир жүрөгү таза инсандын парзы.
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон,кесибинде, өнөрүндө мыкты ийгиликтерди жараткан өлкөдөгү инсандарга жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык алгандардын катарында өз ишин мыкты аткарып, барган сайын топтогон тажрыйбаларын жаш адистерге үйрөтүп, Кудай берген шык-жөндөмүн элине арнап, эч билинбей, сыйлык деп жулунбай, түз жүрүп, түз иштеген С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын дисциплина боюнча окутуучусу Анарбеков Шекербек Мырзабекович да бар. Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Өз ишмердиги менен өзгөчөлөнгөн кесиптешибиз Шекербек Мырзабековичге
чың ден соолук, иштериңизге дагы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Дагы далай жаратман эмгектерди элибизге тартуулай бериңиз!
Сыйлыгыңыз кут болсун !

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *