тил майрамы

Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон мамлекеттик тил майрамы – бул, улуттук майрам. Мамлекеттик тил – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.
Улуу инсан, тилчи окумуштуу, улуттук туңгуч лексикограф Хусейин Карасаев “Тил адам рухунун түпкү теги, суу ичкен башаты. Ал бүтүндөй элдин тарыхын, кыбыр эткен кыймылын ушунчалык сарамжалдуулук менен сактап, улам кийинки муунга өткөрүп берип турат” деп айткандай, кыргыз тили -мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин уюткусу, көөнөрбөс руханий казынабыз.
Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын асыл нуска кептери, чоң аталардын куюлуштуруп сүйлөгөн санжырасы, чоң энелердин керемет жомогу, комузубуздун күүсү менен сиңип келген.
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди ыйык тутуп аздектегенде гана, биз улутубуздун жүзүн, руханий маданиятыбызды, ата-баларыбыздын каада-салттарын сактап кала алабыз.
Урматтуу мекендештер! Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон — мамлекеттик тил майрамы менен С.А.Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайынын жамааты куттуктайт!
Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *