«Жазгы маанай» аттуу көргөзмөгө көркөм-колдонмо жана элдик кол өнөрчүлүктү аркалаган улан-кыздардын колунан жаралган эмгектер коюлду.

Элдин куту- бул эл сүйгөн, баалаган, жылдар өтсө да тамыры үзүлбөгөн, дайыма эл ичинде колдонгон, өстүргөн, тереңдетип турган адамда болгон өнөр.
С.А.Чуйков атындагы КМКСОЖнын «Көркөм — колдонмо өнөрү жана элдик кол өнөрчүлүк» бөлүмүнүн Булгаарыны көркөм иштетүү, Текстилди көркөм иштетүү, Чопону көркөм иштетүү багыттары боюнча көргөзмө болуп өттү. «Жазгы маанай» аталышындагы көргөзмөгө жашоосун чыгармачылыкка б.а. көркөм-колдонмо жана элдик кол өнөрчүлүккө арнаган төмөндөгү стүденттерибиз :
Базаркул уулу Баэл
Бекмуратов Нургазы
Судос Иван
Тагаева Камила
Тилек кызы Адель жетекчиси КРнын Эл сүрөтчүсү И.Ч.Чаланов
Бондарь Дарья
Котова Наталья
Сагалиева Медина
Тынчтыкбекова Адеми
Авазова Айбийке
Садыкова Диора жетекчиси Маданияттын мыкты кызматкери Ч.А.Осмонова
эмгектери коюлду.
Миң түркүн кыял-сезим менен талант кудуретинен жаралган чыгармалар дүйнөсүндө аураң тазаланып, көкүрөгүң байып, өрөпкүткөн толкундарга термелесиң.
Ата-бабалардан мураска калган саймадан, чоподон, булгаарыдан чебер жасалган эмгектердин ар биринин көз жоосун алган көркөмдүгү, философиясы, сюжети жана кайталангыс колорити бар.

Көргөзмөгө жаш өнөрчүлөрдүн ата-энелери да күбө болушту.Ата-энелер үчүн атайын мастер-класстар көрсөтүлдү.
Аганы көрүп ини өсөт дегендей бул көргөзмөдөн өсүп келе жаткан кийинки муун таланттуу эже-агайларынын эмгектерин көрүшүп тажрыйба топтошот, бул жакшы жөрөлгө.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш өнөр ышкыбоздорубузга чыгармачылык ийгиликтерди жана окуудагы жетишкендиктерди каалайбыз!

 

https://youtu.be/A2lMiUNt8kc?si=tFMTagU84uiRCEiG https://youtu.be/A2lMiUNt8kc?si=tFMTagU84uiRCEiG

 

 

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *