Татыктуу жана акысыз билим алууга мүмкүн

Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Анын сыңарындай, азыркы заманда билимиң болбосо жаркын келечекти үмүттөнүү пайдасыз.Окууда жетишкендиктери мыкты болуп, чет тилде эркин сүйлөй алган жаштар үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр кенен.
Жогорку окуу жайда окуусун улантуу үчүн Кипр жергесиндеги ARUCAD Чыгармачылык Искусство жана Дизайн Университетинин өкүлдөрү окуу жайыбызга келип, КМКСОЖнын студенттери үчүн кабыл алуу экзамендерин жүргүзүштү.
Окуу жайыбыздын төмөндөгү студенттери сынака катышып, акысыз билим алууга чакыруу алышты:
100% акысыз билим алууга:
Табалдиева Арууке
Абдылдаев Атай
Мукасова Аяна
Рахатбек кызы Назим
Умаров Султан
Керимбаева Сымбат
Урманбетов Элзар
Бексултанова Наристе
90% акысыз билим алууга:
Абыталиев Айтеңир
Рысбекова Айзада
Турумбекова Айдана
Адамалиева Азиза
Бирикова Дениза
Абаз кызы Гулнур
Кадырбек уулу Казбек
Анарбаев Натаниэль
75% акысыз билим алууга:
Мусаева Айша
Исмаилова Камила
Урматбек кызы Кымбат
Нам Анастасия
Ошентип, чуйковчулар билим сынагында өзүлөрүнүн мыкты экендигин көрсөтө алышты.
Демек, окутуу көркөм сүрөт окуу жайында бир эле предметтерге эмес, студенттин ар тараптуу билим, тарбия алышына өзгөчө маани бургандыгынын далили десек болот.

Окуу жайыбыздын намысын бийик көтөргөн мыктыларга, аларды даярдаган мугалимдерге, ийгиликтерди жаратканга бардык шарттарды түзүп берген окуу жайдын жетекчисине алкыш!

 

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *