ЖАШ ТАЛАНТТАРЫБЫЗ — КЫРГЫЗСТАНДЫН СЫЙМЫГЫ!
2026-жылдын 5–9-октябрь күндөрү Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин XX Жаштар Дельфий оюндарында Кыргыз Республикасынын атынан катышкан студенттерибиз өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, байгелүү орундарга ээ болушту.
Кыргыз мамлекеттик С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын студенттери эл аралык чыгармачылык сынакта төмөнкүдөй ийгиликтерди жаратышты:
Аскаралиева Арууке — «Көркөм сүрөт искусствосу» номинациясында II орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.
Карпова Арина — «Көркөм кол өнөрчүлүк» номинациясында III орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Студенттерибиз бул жетишкендиктери менен окуу жайыбыздын гана эмес, жалпы Кыргызстандын чыгармачылык дараметин, жаштардын талантын жана улуттук искусствобуздун өнүгүү деңгээлин көрсөтө алышты. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн атын тааныткан Арууке менен Аринаны чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ошондой эле студенттерибизди эл аралык сынакка даярдап, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошкон окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, үзүрлүү эмгегиңиздер жана колдооңуздар жаш таланттарыбыздын ийгилигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Жаш таланттарыбызга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз! Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун дүйнөгө тааныта бериңиздер!


